• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

U-20: Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат

20 Үчтүн айы 202610:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 20 жашка (U-20) чейинкилер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионатынын Үчүнчү дивизионунун (В тайпасы) командалары арасында беттештер өтүүдө.

Турнирге Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары катышууда. Чемпионат 24-январга чейин уланат.

Кыргызстандын курама командасынын чемпионаттагы жүрүшү ийгиликтүү болуп, алгач Гонконгдун (Кытай) курама командасын 4:1 эсебинде, андан кийин Түштүк Африка командасын 7:2 эсебинде жеңди. Кыргыз курама командасы кийинки беттешин 21-январда Иранга каршы өткөрөт.

Количество просмотров: 111