Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачев Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 57 кг чейинки салмакта катышты. Ал алтын медаль үчүн беттеште индиялык спортчу Чираг Чирагга жеңилип, өз салмагында күмүш медалга ээ болду.