• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Уч жайлоосунда чектөөгө алынган өрт кайра тутанды

24 Аяк оона 202110:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Уч жайлоосунда куураган чөптөн чыккан өрт кайра тутанды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-сентябрь күнү тилсиз жоо саат 17:10до чектөөгө алынып, саат 20:05те толук өчүрүлгөн.

«Бирок бүгүн өрт кайрадан тутанды. Жеринде жалпы 17 куткаруучу өрт өчүрүү иштерин жүргүзүшүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 101