Казакстандык эксперттер Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы кулаган жерге келишти, алар “кара жашиктерин” текшермекчи.
Учурда учактын эмне себептен кырсыкка учураганынын айланасында түрдүү имиштер айтылууда.
Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган. Кырсыкта борттогу 67 кишинин 38и каза болду.
Айрым эксперттер учактын куйрук тарабындагы тешиктерден улам алар Орусиянын абадан коргоо системасы украиналык дрон чабуулунун мизин кайтарганда пайда болушу мүмкүн деп болжолдошот.
Учак Грозныйга коно турган маалда чөлкөмдө ыктымал дрон чабуулу тууралуу кабарланган.
Рейтер агенттиги иликтөөдөн кабары бар азербайжандык булактарга таянып, Embraer 190 орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганын жазды.
“Азаттыктын” азери редакциясы сөзгө тарткан Азербайжандагы оппозициялык “Мусават” партиясынын лидери Гулаг Асланлы кырсыкты эл аралык комиссия иликтеши керек деген пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, Орусия иликтөөгө аралшпашы керек, “кара жашиктер” ал жакка алынып кетсе, жыйынтыгына шек саноо менен караса болот.
Бийликтер тыянак жасоо үчүн иликтөөнү күтүү керектигин белгилешет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөчүлөр бир бүтүмгө келгиче спекуляция кылуу “туура эмес” деп айтты.
Булак: Азаттык.