Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Мангыстау облусундагы учак кырсыгына кабылган үч кыргызстандыктын экөөнүн абалы жакшы экенин, өмүрүнө корунуч жоктугун медициналык кызматкерлердин маалыматына таянып билдирди.
Азербайжандык, орусиялык жана казакстандык дарыгерлердин өткөргөн консилиумда бир кыргызстандыкты өпкөнү жасалма дем алдыруучу (ИВЛ) аппаратына жаткыруу чечими кабыл алынган.
“Анын абалы оор деп бааланууда. Медициналык адистердин сунушуна ылайык, ага кандайдыр бир хирургиялык процесстерди баштоо мүмкүнчүлүгү анын абалы турукташкандан кийин гана каралат”, — деп жазылган билдирүүдө.