• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Учак кырсыгында жабыркаган үчүнчү кыргызстандыктын абалы айтылды

25 Бештин айы 202418:44 Бишкек Govori.TV

Казакстан Республикасынын медициналык мекемесинин кызматкерлеринен алынган маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын үч жараны 2004-жылы туулган А.Р.Т., 1998-жылы туулган О.Т.М. жана 1988-жылы туулган Д.Э.Д. Мангистау областтык көп тармактуу ооруканасында жатышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, А.Р.Т.нын ден соолугунун азыркы абалы оор деп бааланууда. Калган кыргыз жарандарынын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деп бааланган. Аларга керектүү квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Казакстандагы Элчилигинин кызматкерлери Казакстан Республикасынын тиешелүү компетенттүү органдары менен туруктуу байланышта.

Маселе КР Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 778