Учурда Баткен жана Согди облустарынын башчылары “Кызыл-Бел” өткөрүү бекетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын макулдашуусуна карабай, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат.
“Учурда Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджаббой Ахмадзода “Кызыл-Бел” өткөрүү бекетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок жыйынтык азырынча жок”, — дейт ал.