• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

УКМК Атамбаевдин үйүнө жандык алып барган жок

3 Теке 201914:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.07.2019.Govori.TV.

Бир нече күндөн бери мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө «элдик штаб» уюштурулуп, Атамбаевдин тарапташтары чогулуп турушат. Ал жакка айрым аткаминээрлер да барып, колдоо сөздөрүн айтып жатышканы маалым.

Ал эми бүгүн, КСДП социалдык тармакка УКМКнын кызматкерлери кара мал алып келгени тууралуу маалымат чыгарышып, видео жайгаштырышкан.

Видеодо Атамбаев куран окуп, андан соң «Мындан башканын каны төгүлбөсүн, бүгүн да, эртең да. Балдар эч жамандык көрүшпөсүн. Кудай биз тандаган жолубуздун туура экенине ишенебиз, колдоо көрсөтө көр»,-деп бата бергенин көрүүгө болот. Мындан тышкары КСДПнын маалыматында Атамбаевди колдоо үчүн отставкадагы генералдар жана полковниктер келгени айтылган, бирок тасмадан аларды көрө алган жокпуз.

https://www.facebook.com/sdpktoday/videos/356532135046029/?v=356532135046029

Ал эми бул тууралуу УКМК расмий маалымат таратып, жогоруда чыккан кабар чындыкка дал келбейт деп билдиришкен.

УКМК мындай кадамды өздөрү каалаганды чындык катары кабыл алып алышкан деп баалашты.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте КСДП тарабынан уюштурулуп жаткан «эски элитага каршы» тынчтык митингги өтөт. «Медиафорум» имаратынын алдына белгилеген иш-чарага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары катышаары айтылган.

Количество просмотров: 27