• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК: Аткезчилик менен алектенген чек ара кызматкерлери аныкталды

21 Бирдин айы 202218:53 Бишкек Govori.TV

19 тоннадан ашык контрабанда аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-15-февралга чейинки аралыкта контрабандалык иштерди жүргүзүү максатында чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 19 тоннадан ашык жүк кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул иштерге тиешеси бар делип КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери прапорщик И.Н. жана сержант Э.М. экени аныкталган.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштер улантууда.

Количество просмотров: 234