• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

УКМК «Фонтан» пансионатын алдамчылык менен алган жаранды кармады

23 Баш оона 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

Коррупциялык схемаларга каршы иш-чаралардын алкагында, Ш.Д. аттуу жарандын жана башка адамдардын «Фонтан» пансионатын алуудагы алдамчылык фактысы боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталгандай, «Фонтан» пансионаты ири өлчөмдө салык карызы болгондуктан, О.Г. аттуу чыныгы ээсине билдиришип, алдоо жолу менен аны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, бул пансионатты кайрадан талапкерлерге каттатууга мажбурлашып, ошол Ш.Д. жана башка адамдар тарабынан 2017-жылы жасалма шарттар түзүлгөндүгү аныкталды. 2021-жылдын январь айында бул ишке тиешелүү адамдар тарабынан, Фонтан пансионаты менен чектеш жер тилкелери О.Г.нын мүлкүнөн чыгарылып, андан кийин О.Г.нын макулдугусуз 290 525 долларга үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген.

Ш.Д.га карата чогултулган материалдардын негизинде, Каракол шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Количество просмотров: 77