• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Алдамчылык аракеттери үчүн Кыргызстанда издөөдө жүргөн жаран Орусияда кармалды

3 Жетинин айы 2021 10:36 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү менен Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында ири алдамчылык аракеттери үчүн Кыргызстанда издөөдө жүргөн жарандын турган жери аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 29-октябрда Москва шаарында издөөдө жүргөн, Жалал-Абад облусунун 1982-жылы туулган Э.О аттуу жаран кармалды.

Алынган маалыматка караганда, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасагандыгы үчүн 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыркаган ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 АКШ долларын түзөт.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасоо жолу менен өзүн соода жайларынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды адаштырып, башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз түрдө саткан.

Э.О. 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн, 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырган.

Учурда издөөнүн демилгечисине кабар берилип, кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Количество просмотров: 595