УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кармалган «Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты «Н.К.» (Нурматов Кубанычбек) эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 22-сентябрында токтомуна ылайык, шектелүүчү К. Нурматов 2021-жылдын 20-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө жайында кармалат.