• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

29 миң доллар алган. Алдамчылыкка шектелген аял кармалды

6 Жетинин айы 2023 12:38 Бишкек Govori.TV

Бишкектин тургунунан 29 миң доллар алып, алдап кеткенге шектелип 34 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-ноябрда милицияга аял киши арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 29-сентябрында Т.Т. аттуу аял Мурас-Ордо конушундагы тамын сатам деп 29 миң доллар (2 млн 590 миң сом) алып, алдап кеткен. Ал эми үйүн башка адамдарга сатып жиберген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 34 жаштагы Т.Т. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0(500) 03-03-05 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Количество просмотров: 499