Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын УКМК Тергөө башкы баршкармалыгынын И.С. Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң АКШ доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш-ишин тергөө аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
2019-жылдын 10-июнундагытергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренсинин 3-бөлүмү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды.
Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон ишинин материалдары менен таанышып жатат.