Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бир нече мыйзам-кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Долбоор бул тармактагы эскирген жана бир маанидеги эмес терминдерди жоюу, актуалдуулугун жоготкон түшүнүктөрдү алмаштыруу, операторлор менен өз ара аракеттенүүнүн укуктук жана техникалык механизмдерин чыңдоого багытталган. Ал “Электр байланышы жөнүндө” мыйзамдын жокко чыгарылганын эске алуу менен Санарип кодексин киргизүү шартында бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештигин камсыздоону көздөйт.
УКМК мыйзам долбоору аркылуу байланыш операторлорун сервистерди пайдалануучулар тууралуу маалымат берүүгө, атайын тергөө аракеттери жана контрчалгындоо маалында программалык-техникалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого, маалымат базасына, санариптик технологиялык тутумдарына жана ресурстарына жетүүгө уруксат берүүгө милдеттендирүүнү сунуштады. Мындан сырткары согуштук жаңжалдар жана башка кризистик кырдаалдарда мобилдик телефондорду жеринен убактылуу өчүрүүгө мүмкүндүк берүүчү укуктук механизмди киргизүү демилгеленүүдө.