Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Кыргызиндустрия” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, мекеменин мурдагы жетекчиси Жарасул Абдураимов жана анын орун басары Б.Б. кармалганын билдирди.
24-январда УКМК Башкы прокуратуранын жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгына таянып, кылмыш ишин козгогон.
УКМК “Кыргызиндустриянын” кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталганын билдирди. Анда 2022-2024-жылдар аралыгында мекеменин алдында 40тан ашуун чыгашалуу ишкана ачылып жана каржыланып, аларга бөлүнгөн каражат кайтарылгыс шартта болгон.
“Алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчилиги мыйзамсыз баюу, өздөрүнө жана жакын туугандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот. Анткени компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акылары жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган”, — деп жазылган маалыматта.
УКМК “Кыргызиндустрия” өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттин үлүшү болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу үчүн 2021-жылы түзүлүп, 2022-2024-жылдары бул мекемеге 2,3 миллиард сом бөлүнгөнүн тактаган
Жарасул Абдураимов бир күн мурда, 24-январда “Кыргызиндустрия” ишканасынын жетекчиси кызматынан алынганы белгилүү болгон.