УКМК «Кыргызтелеком» ААКтын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатат делген маалымат боюнча билдирүү таратты.
Кыргыз Республикасынын УКМК «Кыргызтелеком» ААКтын директорлор кеңешинин ишине коркутуу жолу менен кысым көрсөтүү менен кийлигишип жатат делген ЖМКларда жайылтылып жаткан мааалыматтар чындыкка дал келбейт, Улуттук коопсуздук органдары «Кыргызтелеком» ААКтын ишине жана кадрдык дайындоолоруна кийлигишүүгө укугу жок.
Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы генерал-лейтенант Ташив К.К. ысымын жана кадыр-баркын пайдаланып, адамдарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонгондорго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тийиштүү чаралар караларын эскертип кетет.
Кыргыз Республикасынын УКМКнын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жана фактылар болсо, Кыргыз Республикасынын УКМК нөөмөт бөлүмүнүн 0312-62-05-85, 0312-66-04-75 телефондоруна кайрылуунуздарды өтүнөбүз.