• Шейшемби 7 Теке 2026
  • Вторник 7 Июль 2026

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Шадыбеков баштаган бир нече кызматкер кармалды

7 Теке 202611:46 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбеков жана мекеменин буга чейинки төрт кызматкери кармалды. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына шилтеме берүү менен жазды.

Аталган адамдар Аскердик прокуратурада кечээ, 6-июлдун кечинде суракка алынып, бүгүн 7-июлда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Уранбек Шадыбеков ушул жылдын февраль айында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин кызматка келген. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Шадыбеков кайра 8-июнда кызматтан алынган.

Количество просмотров: 242