• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

УКМК кызматкерлери Ташиевдин кызына айдоочулук күбөлүк алууга жардам беришкен

30 Аяк оона 202420:34 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктеги комплекстүү коррупциялык схемага бөгөт коюунун алкагында айдоочулук күбөлүктү алууга ар тараптан көмөк көрсөткөн УКМКнын айрым кызматкерлери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө Мамкомитет башчысынын кызынын айдоочулук күбөлүгүн алууда жардам көрсөткөндүгү үчүн УКМКнын ар кандай кызматтагы 7 кызматкери (сөгүш-2, катуу сөгүш – 3, Кызматына толук туура келбегендигин эскертүү  – 2) жазалангандыгы аныкталды.

«Бул чаралар КР УКМКнын төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин жеке көрсөтмөсүнө ылайык кабыл алынды, ал жакында эл алдында сүйлөгөн сөзүндө укук бузууларга жол берилбестигин билдирип, мамлекеттик кызматта турганда Улуттук коопсуздук органынын кызматкерлерин туугандарынын жана тааныштарынын таасирине алдырбоого чакырды»,-деп билдирди атайын кызмат.

Азыркы учурда көрсөтүлгөн укукка каршы жосунга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Количество просмотров: 354