• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору текшерилет

20 Үчтүн айы 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

Бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу дипломдору текшерилет. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү 24-январда башталып, 3 айга созулат.

«Маалыматта акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка өтүү фактылары көбөйгөнү айтылат. Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруу системасын дискредитациялап, айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүп коюуда. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров УКМКга бардык мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды. Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын,  Жогорку Кеңештин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт. Эгер мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат»,-деп айтылат маалыматта.

Текшерүү аяктагандан кийин коомчулукка маалымат берилери айтылды.

Количество просмотров: 671