• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Атажановдун тарапташынын видеосун милиция каттоого алып, текшерүү баштады

20 Тогуздун айы 202514:13 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңешке талапкер Ырысбек Атажановдун тарапташы Исхак-Полотхан айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Матажиев Гуламидиндин сүйлөгөн сөзү боюнча маалымат Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык укуктуу баа берилет.

Социалдык тармактарда топ адамдар отурган жерде Гуламидин Матажиев “мектеп үчүн, балдар үчүн Ырысбек Атажановду колдоп коюуга” чакырып жаткан виедосу жарыяланган. Бул тасма тууралуу Ырысбек Атажанов өзү комментарий бере элек.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Боршайкомго арыз тапшыргандарды үгүт иштерин эрте баштап албоого чакырган. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат.

Количество просмотров: 270