• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

УКМК: Нариман айыл өкмөтүнүн юристи менен жергиликтүү кеңешинин депутаты кармалды

4 Жалган куран 2022 16:58 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын Нариман айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн юристи А.А., Нариман жергиликтүү кеңешинин депутаты П.З. жана Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, мыйзамсыз документтештирүү жолу менен айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатууну уюштурушканы аныкталган.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 4473