Буга чейин Бишкекте Салык кызматынын кызматкерлери массалык түрдө кармалып жатканы тууралуу маалыматтар айтылган. УКМКнын кызматкерлери шаардын Мамлекеттик салык кызматынын төрт райондук бөлүмүндө тинтүү иштерин жүргүзүп, айрым кызматкерлерин суракка алып кетишкен.
Бул тууралуу УКМК расмий маалымат азырынча бере элек.
Ал эми Мамлекеттик салык кызматы болуп өткөн тинтүү жана сурактар боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Мекемеден комментарий алуу үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу керектиги маалымдалды.