• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

УКМК салыкчылардын кармалышы тууралуу маалымат берди

4 Бештин айы 202417:52 Бишкек Govori.TV

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Мамлекеттик салык кызматындагы жооптуу кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, айрым ири өндүрүүчүлөр менен импортчулар (алкоголдук ичимдик, кумшекер азыктары жана тамеки) факт түрүндө өлкөнүн түштүк аймагына товар жеткирип, бирок документ жүзүндө толук маалымат болгон эмес.

Салыкчылар кызмат абалынан пайдаланып, анын кесепетинен 2024-жылдын башынан бери 3,2 млрд сомдук товардын коштомо баракчалары табылган жок.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголду. Тинтүү иштери Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүндө жана Ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгында жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен башкармалыктардын башчылары А.Р., Ж.У., А.Н., Т.А. камакка алынды.

Тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 201