Бишкек.06.08.2019.Govori.TV.
УКМК Нарын облусунда жайгашкан Солтон-Сары кениндеги окуя боюнча массалык маалымат каражаттарына, интернет сайттарга жана социалдык тармактарга тарап жаткан видеоматериалдарга комментарий берди.
«Айтылган видеоматериалдар коомчулуктун терс, кызуу реакциясын жаратып, ошондой эле инвесторлор менен «Жонг Жи Майнинг» (Zhong Ji Mining) компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү калктын ортосундагы улут аралык тирешүүгө себеп болушу мүмкүн. Белгилей кетсек, мындай тенденция калктын нааразылыгын жаратып, нааразычылык акцияларына жана массалык баш аламандыкка алып келүүчү жагдайларды жаратат. Буга байланыштуу коомчулукта чыңалууну алып келүүчү мүнөздөгү мааламаттырды жана видеоматериалдарды жайылткан авторлого эскертүү берүү укугун колдонобуз», — деп жазылат маалыматта.
Социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар менен кытайлык ишкананын кызматкерлери бири-бирине таш ыргытып жатканы тартылган видеотасмалар тарап жатат.
Саламаттык сактоо министрлиги 5-августта кенде чыккан чырдан «Jhong ji Mining» компаниясынын 20 кызматкери жабыркап, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына кайрылганын билдирди. Алардын 19у ооруканага жаткырылды. Ошондой эле окуядан жаракат алган дагы бир айыл тургуну ооруканада жатат.
5-августта Солтон-Сары кениндеги кытайлык компания менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгып, тараптар бири-бирине таш ыргытышкан. Учурда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү Солтон-Сарыда жүрүшөт. Милиция окуяны териштирип жатат.