Тажик тарап бир гана оор техниканы эмес, чек арага жакын жашаган тургундарды “тирүү калкан» катары колдонууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кагылышууга Тажикстан тараптан белгисиз формадагы кийимде жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандык экендигин тастыктаган белгилери жок адамдар катышууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы атышууну токтотуу үчүн заманбап курал-жарактарды жана техниканы колдонууда.