• Жума 3 Бештин айы 2021

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

13 ноября 2021 в 10:34 Бишкек Govori.TV

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-ноябрь күнү УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн Жазык проссесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “З.Б.” жана С.А. аттуу Кыргыз Республиксынын жараны кармалды.

«Кармалган жаран Б.И. аттуу КР жаранынан күч колдонуу жолу менен коркутуп 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.
Кармалган З.Б. УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.

Количество просмотров: 1888