УКМК ишкер Жалил Атамбаевди кайра кармады. Бул тууралуу Kaktus.media өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, ал уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп шектелүүдө.
Ал эми УКМК бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.
Жалил Атамбаев ишкер катары белгилүү. 2021-жылы ал бир катар кылмыштарга, анын ичинде мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Кийин 100 млн сом өлчөмүндө келтирген чыгымды төлөп кое берилген