Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле алдыңкы мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз жоруктары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга мыйзамсыз кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.
«Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын корутундусуна ылайык Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жогорку окуу жайлары жаатындагы өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган. Бул буйрукту аткаруунун алкагында жогорку окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу адамдары иштелип чыккан жобону аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан абитуриенттерди кабыл алышкан, бул өкмөттөр аралык келишимдин ченемдерине карама-каршы келет. Ошол эле учурда, тергөө тарабынан кабыл алуу процедурасы сырттан келген абитуриенттердин мүмкүнчүлүгүн чектегендигин аныкталды, муну гранттык орундарга ачык сынактын жарыяланбаганы жана өткөн студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдө алган салыштырмалуу төмөн баллдары далилдеди»,-деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.