• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УКМК журналист Семетей Талас уулунун кармалганы тууралуу маалымат берди

18 Бирдин айы 202214:01 Бишкек Govori.TV

УКМКнын басма сөз кызматы журналист Семетей Талас уулу кандай иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды таратуу) боюнча Кыргыз Республикасынын С.Т. аттуу жараны алынып келинген.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 18-февралда Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн алып кетишкени кабарланган.

Количество просмотров: 338