• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

УКМКда сурак берген Орозайым Нарматова диплому тууралуу пикирин билдирди

14 Үчтүн айы 2022 23:58 Бишкек Govori.TV

Мен ЖАМУнун ишмердиги боюнча УКМКга сурак берип чыктым, баары жакшы. Буйруса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова билдирди.

“Эң негизгиси Кудай астында, эл астында жана өзүмдүн абийирим астында жүзүм жарык. Кудайга шүгүр мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени баарын тапшырып, БШКдан лупа менен текшерилип, баары таза, баары жакшы деген чечим менен шайлоодон өттүк. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу «сындырып, уят кылабыз»-дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок. Бул сыноолордун баары жакшылыкка”, — деген Нарматова.

Эске салсак, УКМК буга чейин Нарматованын ЖАМУдан алган димлому мыйзамсыз экендигине байланыштуу суракка чыкырылгандыгын билдирген.

Количество просмотров: 3273