Украинанын расмийлери Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам он миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн кабарлады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Днепр дарыясындагы дамбанын жардырылышына Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.
Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин 7-июндун таңында билдиргендей, дарыянын төмөн жагында суунун деңгээли дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө.
«Биздин божомолубузда, жакынкы 20 сааттын ичинде суунун деңгээли дагы бир метрге көтөрүлөт»,-деди Прокудин видеокайрылууда.
Ал Днепрдын оң тарабындагы Украина көзөмөлдөгөн аймактарда эки миңдей турак-жай суу алдында калганын кошумчалады.
Херсон облусунун Москва көзөмөлдөгөн бөлүгүндө орус бийлиги 7-июнда өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.
1956-жылы курулган дамбанын бийиктиги 30 метр, узундугу 3,3 чакырымды түзгөн. Ал Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын суу менен толук камсыздайт.