Беларус-украин чек ара аймагында өткөн Украина менен Орусиянын делегацияларынын 28-февралдагы сүйлөшүүсү аяктады.
Орусиялык делегацияны жетектеп келген президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский беш сааттын ичинде алар бардык маселелерди сүйлөшкөнүн, айрым маселелерде тил табышууга жакындашканын айтты. Ал тараптар эми сүйлөшүүнүн экинчи айлампасында кездешерин, аны беларус-поляк чек арасында өткөрүү тууралуу макулдашканын кошумчалады.
Украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк Украинанын аймагында ок атууну токтотуу үчүн тараптар айрым чечимдерди такташканын, калганын өз жетекчилери менен такташуу үчүн артка кайтып жатышканын билдирди.