• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Украина Орусия менен достук тууралуу келишимди токтотту

7 Бештин айы 2018 10:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.12.2018.Govori.TV.
Украинанын Жогорку Радасы 6-декабрда Орусия менен “Достук, кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө” келишимди токтотуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Документке 277 депутат “макул” деген добуш берди.
Бул чечим ноябрдын этегинде Орусия Керч кысыгында украин кемелерин аткылап, 24 деңиз аскерин кармап кеткенден кийин кабыл алынды. Мыйзам долбоорун парламентке президент Петро Порошенко 3-декабрда киргизген.
​Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин украин дипломаттары Орусия менен 48 келишимди токтотконун, жакын арада дагы 40тай макулдашууну жокко чыгаруу пландалып жатканын билдирген.
Украина менен Орусиянын ортосунда достук жана кызматташтык келишимине 1997-жылы 31-майда кол коюлган.
6-декабрда Украина Жогорку Радасы өлкө аймагына эскертүүсүз кирип келген учурда чек арачыларга ок атууга укук берген мыйзам долбоорун да кабыл алды.
25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында болгон окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия” десе, Орусия “чагым” деп баалаган. Орусия анда Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин аскерлердин баарын эки айга камакка алган. ​
Количество просмотров: 37