• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Украина Россия менен дипломатиялык мамилесин үздү 

25 Бирдин айы 2022 13:47 Бишкек Govori.TV

Украинанын лидери Владимир Зеленский Украина менен Россиянын ортосунда дипломатиялык мамиле жок экенин билдирди.

«Биз Россия менен дипломатиялык мамилени үздүк», — деди ал сөз сөзүндө.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады.

Количество просмотров: 113