• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Украинада парламенттик шайлоо качан өтөөрү белгилүү болду

22 Бугу 20199:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.05.2019.Govori.TV.

Парламенттик шайлоо Украинада 21-июлга белгиленди. Бул тууралуу өлкө президенти Владимир Зеленский кол койгон парламентти таркатуу тууралуу жарлыкта жазылган. Андан тышкары документ мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Жаңы президент болуп кызматка киришкен Зеленский парламентти тарката турганын айтып, өкмөттү отставкага кетүүгө чакырган. Кийинчерээк ал бул чечимин депутаттарга элдин ишеними төмөн экендиги менен түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, 21-майда Зеленский Жогорку Раданы таркатуу планын парламенттин төрагасы жана фракция лидерлери менен дагы талкуулаган.


Количество просмотров: 16