• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Украинада Зеленский катышкан тасманы көрсөтүүгө тыюу салынды

19 Бирдин айы 2020 9:06 Бишкек Govori.TV

Украинанын Кино боюнча мамлекеттик агенттиги 2019-жылы беш фильмди (алардын ичинде экөө орусиялык) көрсөтүүгө жана жайылтууга тыюу салды.

Бул тизмеде “Сегиз жаңы жолугушуу” тасмасы бар, башкы ролду Украинанын азыркы президенти Владимир Зеленский ойногон. Фильмди орус-украин кино чеберлери биргелешип тарткан, ага Екатерина Варнава да катышкан. Актирса аннексияланган Крымга баргандан кийин Украинанын Коопсуздук кызматы аны улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан кишилердин тизмесине киргизген.

Мындан тышкары агенттик америкалык актер Стивен Сигалдын катышуусундагы «Мачете», Жерар Депардьенин катышуусундагы «Тимпельбахтык ашынган тентектер» тасмаларын да көрсөтүүгө тыюу салды. Бул актерлор дагы Украинанын коопсуздугуна коркунуч жараткан кишилердин тизмесинде.

2017-жылы Кино боюнча мамлекеттик агенттик Украина аймагында Владимир Зеленский катышкан “Кудалар” тасмасын да көрсөтүүгө тыюу салган. Бул чечимге сериалга Украина Маданият министрлигинин “кара тизмесиндеги” орусиялык актер Федор Добронравовдун тартылганы себеп болгон.

Количество просмотров: 123