• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоонун кошумча каттамы иштелип чыкты

26 Бирдин айы 2022 20:28 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министрлиги менен Украинадагы элчилиги Кыргызстандын жарандарын Словакия аркылуу эвакуациялоо маселесин иштеп чыгышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда куралдуу кармаш жүрүп жаткан Украинадагы кыргызстандыктар мекенине Кошице — Стамбул — Бишкек каттамы менен келишет.

Эвакуация маселеси боюнча КР Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго +380997573413, +380442370347 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

КР ТИМи Украинанын шаарларында жалпысынан туруксуз жана кооптуу кырдаал байкалып жатканын, ошондуктан Украинанын аймагында убактылуу же туруктуу жүргөн КРнын жарандарына, эгерде алардын коопсуз жашаган жери болсо, абал турукташканга чейин алардын жашаган жерлеринде калууну сунуштайт.

Количество просмотров: 133