• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Украинадан эвакуацияланып жаткан кыргызстандыктар жөнүндө маалымат берилди

1 Жалган куран 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы абалга байланыштуу өлкөнүн аймагынан чыгууну каалаган КР жарандарын эвакуациялоо иштерин улантууда.

ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 28-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө (Киев убактысы боюнча 13:00) Кыргызстандын 107 жаранынан (68 чоң адам, 5 студент, 34 жашы жете элек) турган биринчи эвакуациялык колонна Киев шаарынан Украина менен Венгриянын чек арасына автобус менен жөнөп кетти. Бул чыгуу КРнын Украинадагы элчилиги тарабынан КРнын Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманяндын жардамы менен ишке ашты. Элчиликтин кызматкерлери КРнын жарандарын бардык каттам боюнча коштоп жүрүшөт.

Украина-Венгрия чек арасынан өтүү маселеси КРнын Венгриядагы элчилиги менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Кыргызстандын Венгриядагы элчилигинин кызматкерлери Венгрия-Украина чек арасында жарандарды тосуп алып, керектүү жардамдарды көрсөтүшөт.

Кыргызстандын жарандарын Венгрия-Украина чек арасынан Будапешт эл аралык аэропортуна жеткирүү Венгриядагы элчилик тарабынан жана КРнын Венгриядагы ардактуу консулу Эндр Эрдоштун жардамы менен уюштурулган.

2022-жылдын 28-февралына карата Украинадан чыгып кеткен КРнын жарандардын ичинен 12 Польшада, 16 жаран Молдовада, 6 жаран Румынияда.

КРнын Харьков шаарындагы ардактуу консулу Вадим Туманяндын аракетинин аркасында 2022-жылдын 27-28-февралында 18 КР жараны аталган шаардан Львов шаарына поезд менен жөнөтүлгөн. Ардактуу консул Туманян тарабынан КРнын жарандарына мындан ары Львовдо болуу жана чек арадан өтүү боюнча сунуштар берилет. Харьков шаарындагы темир жол станциясынын жетекчилиги менен КРнын бардык жарандары Львов шаарына жөнөтүлөт деген макулдашууга жетишилди.

КРнын Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Украинадагы жана Венгриядагы элчиликтери тарабынан КРнын жарандарын Украинанын аймагынан алып чыгууну уюштуруу боюнча иштер улантылууда.

КР ТИМи Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын эскертет.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

  • +380997573413,
  • +380442370346,
  • +380442370348, ошондой эле Элчиликтин «WhatsApp» тобу;

КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти:

  • +996 551 312 000 — ыкчам байланыш номери;
  • +996 703 428 865
  • +996 709 983 465, +996 554 065 215.
Количество просмотров: 75