• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Украинанын Кыргызстандагы элчиси президенттик администрациянын өкүлдөрү менен жолугушууга ниеттенүүдө

28 Бирдин айы 2022 15:02 Бишкек Govori.TV

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко 28-февралдагы маалымат жыйынында Украинадагы окуялар боюнча маалымат берип, ага байланыштуу Кыргызстанда ким менен жолукканын жана жолугушууну пландап жатканын билдирди.

Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугуп, Орусиянын баскынчылыгынын саясий, анын ичинде эл аралык кесепеттери тууралуу айтып, Кыргыз Республикасынан колдоо сураганын билдирди.

«Мен Европа мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилери, ошол кезде Бишкекте жүргөн Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча координатору менен да жолугуштум. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусу керек болчу, мен андан менин маалыматымды жеткирүүсүн сурандым. Ушул жумада Тышкы иштер министрлигинде жаңы жолугушуу пландалган, мен эмне болуп жатканын жеке айтуу үчүн президенттик администрациянын жетекчилеринин бири менен жолугууга ниеттенип жатам. Окуялар тездик менен өзгөрүп жатат, ишенимсиз маалыматтар көп, ошондуктан туура маалыматты, жок дегенде альтернативалуу маалыматты жеткирүү маанилүү деп эсептейм», — деди элчи.

Жыйында Валерий Жовтенко Украина менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык мамилелерди өнүктүрүү пландарына токтолуп, согуштук аракеттер аяктагандан кийин бул пландар ишке аша баштайт деген ишеничин айтты.

Количество просмотров: 25