Бишкек.17.06.2019.Govori.TV.
Украинанын жаңы шайланган мамлекет башчысы Владимир Зеленский фонтанды көздөй чуркаган видеосу жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, Зеленский Мариупол шаарындагы театралдык аянттан сүйлөп, сөзүн жыйынтыктаганда эл аны тегерете курчап алгандыктан, унаасына фонтанды аралап чуркап өткөн видеосу социалдык түйүндөргө кеңири тараган.
Эскерте кетсек, Украинадагы 39 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Владимир Зеленский атаандаштарынан дээрлик 3 эсе көп добуш алуу менен алдыга чыккан.