• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

УКТ мүчөлөрүнүн брондолгон унаалары мамлекетке алынды (сүрөт)

7 Тогуздун айы 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

УКМКнын басма сөз кызмат тараткан маалыматка ылайык, УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 806