Укук коргоочу Азиза Абдирасулова куугунтук жана коркутуулардан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу маалыматты саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.
Равшан Жээнбеков Азиза Абдирасулова менен жеке өзү сүйлөшкөнүн билдирди.
«Матриарх укук коргоочу, бардык саясий куугунтукка, басымга дуушар болгондорду 30 жыл бою коргоп келген Азиза Абдирасулова эжебиздин өлкөдөн чыгып кетиши менин ички дүйнөмдү оодарып салгандай болду. Азиза эже менен өзүм сүйлөшүп бул маалыматтын чын экенине ынандым. “Үйүмдү кечкисин 2 машина, 5-6 жигит тооруп, ар жактан коркутуулар келе баштаганда кетүүгө мажбур болдум” деп тастыктады»,-деп жазды Жээнбеков.
Белгилей кетсек, укук коргоочу 26-декабрда Фейсбуктагы баракчасына Садыр Жапаровго кайрылуусун жарыялаган.
«Садыр, иним! Мен сенден коркконуман эмес сени сыйлаганыман сага жооп кайтарбадым.
Мага жана менин жакындарыма болушунча куугунтук кылышып, башыман ылдый жуугунду куюшкан мурунку президенттер да менден кечирим сурашкан!
Сен баарын жакшы билесин!
Билбесен, менин мээнетими, калыстыгымы Акаевден, Бакиевден, Отунбаевадан, Атамбаевден сура!»,-деп жазган Абдирасулова.