• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Укук коргоочу Камил Рузиев кармалды

15 Аяк оона 202518:07 Бишкек Govori.TV

Укук коргоочу Камил Рузиев кармалды. Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-сентябрда Каракол шаардык милициясына жабырлануучу кайрылып, Е.М. жана Р.К. аттуу эки адам анын уулуна козголгон “кылмыш ишин жабууга жардам беребиз” деп коркутуу жолу менен көп суммадагы акча талап кылганын билдирип, арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

4-сентябрда арыздын ээси Е.М.ге 30 миң сом берген. 11-сентябрда 125 миң сомду Е.М. жана Р.К. алып жаткан учурда аларды Каракол шаардык милициясы кармаганы айтылды. Кылмыш ишинин алкагында кошумча далилдерди топтоо максатында шектүүлөрдүн жашаган даректеринде тинтүүлөр жүргүзүлүп, документтер алынган.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин камалды.

Рузиев зордукталган 13 жаштагы кызды коргоп жаткан. Бул тууралуу Рузиевдин жакындары «Kloopго» билдиришкен, маалыматта айтылгандай, зордуктоого шектүүнүн апасы М.О. кыздын агасы менен укук коргоочуга ишти жабуу үчүн акча сунуштаган.

«Милиция жабырлануучу экөөнү опузалап акча талап кылгандай кылып көрсөттү», — дешет Рузиевдин жакындары. Кыздын агасы да кармалган.

Количество просмотров: 140