• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Улакчылардын музду жарган торпогу (видео)

11 Үчтүн айы 2018 21:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.18.Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ак-Бата айылынын тургуну той өткөрүп улак тартыш өткөргөн. Анда улакчылар оюндун кызыгына батып, тоңгон муздун үстүнө чейин чыгып кетишкен. Муз кокусунан жарылып, чабандестер тартып жаткан торпок сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу  окуянын күбөлөрү билдирген.

Күбөлөрдүн айтымын караганда, окуя 11-январь күнү Ноокен районунун Ак-Бата айылында болгон.

Улакчылардын арасынан аба ырайынын сууктугуна байланыштуу суу ичинен торпокту алып чыгууга эч ким батына алган эмес. Кутман аттуу жергиликтүү улакчы сырткы кийимин чечип, торпокту суу алдынан таап алып чыккан. Улак чабышты өткөрүп жаткан той ээси анын эрдигин баалап, кой белек кылганы белгилүү болду.

Улакка түшкөндөрдүн арасынан олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.

 

 

 

Количество просмотров: 10