• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Улан Эгизбаев: «Кыргыз журналистикасына улуттук деңгээлдеги сыйлык керек болуп жатат» (видео)

22 Кулжа 2018 17:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.  22. 06. 2018. Govori.TV
«Азыркы учурда кыргыз журналистикасына республикалык улуттук деңгээлдеги сыйлык керек болуп жатат. Бул сыйлык журналистти сатып алуу же мокотуу максатында эмес ага дем  стимул берүү максатында. Буга чейин да бир катар сыйлыктар болгон бирок ал кандайдыр бир саясий чөйрөнүн же бир уюмдун кызыкчылында болуп келген. Бул «Алтын калем» сыйлыгы улутук деңгээлде абдан маанилүү анткени журналистин да эмгегин баалап коюш керек. Сыйлык буга чейинки ишине баа берип кийинки ишине стимул катары абдан маанилүү. Анткени чет өлкөдө  Европа, Америкада ушундай журналисттер умтулган сыйлыктар бар ошого жетишебиз, алабыз деп абдан тытынып эл үчүн, чындык, акыйкат үчүн болгон күч аракеттерин жумшашат. Бизде дагы кыргыз журналистикасында дагы улуттук сыйлыка умтулган стимул, түрткү керек деп ойлойм» -дейт журналист Улан Эгизбаев.
Белгилей кетсек, бүгүн 22-июнда борбордо белгилүү журналист, публицист Кален Сыдыкованын 60 жылдык мааракесинде «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев кесипкөй журналист катары “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болду.

Количество просмотров: 36