Бүгүн, 12-февраль күнү Бишкек шаарында «Чындык» аттуу форум өтүүдө. Иш чарага акыркы жылдары иликтөөлөр менен активдүү иш алып барган журналисттер катышып жатат.
«Чындык» форумунда журналисттер иликтөө жасоонун оош-кыйышы тууралуу айтып, санарип жана укуктук коопсуздугунун көйгөлөрү, иликтөөнүн келечегин талкуулашууда.
Иш-чара «Интерньюс Кыргызстандын» #TRACK деп аталган иликтөөчү журналисттерди колдоо долбоорунун алкагында өтүп жатат. Аталган долбоор жергиликтүү иликтөөчү журналисттерди колдоо, журналистиканы өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүүгө коомду тартуу максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, форумдун аягында 2021-жылдагы Кыргызстандагы мыкты журналисттик иликтөөлөр үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи өтөт.