• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болду

2 Чын куран 202417:30 Бишкек Govori.TV

 Улан Майлибашев Кант шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамынын 47-беренесине, президенттин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Майлибашев Улан Бекболотович Чүй облусунун Кант шаарынын мэри болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 129