• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Улан Примов үгүт мыйзамын бузганы үчүн эскертүү алды

10 ноября 2021 в 20:42 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн,10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына №11 Алай округунан талапкер Улан Примовдун үстүнөн түшкөн арызды карап, ага жазуу түрүндө эскертүү берди.

Маалыматка караганда, Улан Примов 28-ноябрда шайлоо өтөрү аныкталган соң сентябрь айында өзүнүн соцтармактардагы баракчасына кайрымдуулук иштерин жарыя кылган.

Ошондой эле арызда «Примов Жошолу айылынын тургунуна элдин көзүнчө үйдүн ачкычын тапшырганын, айрым үй-бүлөлөргө акча жана кышкы кийимдерди бергени, мугалимдер күнүндө сынакта утуп чыккан окутуучуларга Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо жана башка баалуу белектерди бергени» тууралуу айтылып, Мады жана Керме-Тоо айылдарынын ортосундагы мелдештин жеңүүчүлөрүнө чет өлкөгө жолдомо менен автоунаа белек кылганы жазылган.

Отурумда БШК бул арызды 3-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгына жибергени, 4-ноябрда облустук милиция «курамында кылмыш жок» деген негиз менен ишти жаап койгону айтылды.

Количество просмотров: 244