Бишкек.02.08.2019.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Улан Рыспеков акыркы алты айда бул факты боюнча 118 кылмыш иши козголгонун айтты.
“Бүгүнкү күндө ала качуу боюнча 118 факты катталып, аларга кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.Буга чейин ала качууга байланыштуу Бурулайдын өлүмү бизге чоң сабак болду”,-деди Рыспеков.